Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 2013-жылдын 5-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев республиканын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Президентке Сузак районунун Барпы айылындагы жагдай тууралуу жана «Бишкеке – Ош» стратегиялык трассанын бул бөлүгүндөгү жагдайды турукташтыруу үчүн укук коргоо органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти.

Мамлекет башчысы баш-аламандыкты баштагандардын жана жолду тосууну уюштургандардын баары жазаланышы керек экендини баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев эгерде Кыргызстандын көптөгөн жарандарынын укугун кысымга алып жаткан митингчилердин мыйзамсыз аракеттерин токтотууга арга калбаса, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна өзгөчө кырдаал киргизүү мүмкүнчүлүгү тууралуу эскертти.

Ошондой эле кеңешмеде өлкөнүн Коргоо кеңешинин эмки жыйынында көтөрүлчү маселелер дагы талкууланды.

2013-жыл 5-июнь