Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркия Республикасына расмий визитинин жыйынтыгы боюнча фоторепортаж

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  2018-жылдын 9-10-апрелинде Түркия Республикасына расмий визит жасады.

Визиттин алкагында Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен тар жана кеңири форматта жолугушуулар өткөрүлүп, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Визиттин жыйынтыгында бир катар документтерге, тактап айтканда спорт, айыл чарба чөйрөсүндөгү кызматташтык, инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууларга, ошондой эле социалдык камсыздоо жөнүндө келишимге, басма сөз жана маалымат чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу протоколго кол коюлду.

Расмий визиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Улуттук Улуу жыйынынын спикери Исмаил Кахраман, Премьер-министри Бинали Йылдырым менен жолугушту.

Мамлекет башчысы  Анкара шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы көчөгө барып, кыргыз жазуучусунун бюстуна гүл коюп, Түркиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Президенттин визити   2018-жылдын 11-12-апрелинде  Бельгиянын  Брюссель шаарындагы Европа союзунун институттарына уланат.

11-апрель 2018-жыл
Басып чыгаруу