Президент Алмазбек Атамбаевдин Россияга мамлекеттик сапарынын жыйынтыктары

2017-жылынын 19-24 июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Россия Федерациясына мамлекеттик визити болду.

Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюу аземи

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, 20-июнда, Кремлдин дубалынын боюндагы Александров багындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар койду.

Гүлчамбар койгондон кийин Мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен таазим этти.

Бир мүнөттүк эскерүүдөн кийин аскердик оркестр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин ойноду.

Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушуу

Жолугушуунун алдында  кол кысышып учурашуу  жана  сүрөткө түшүү, эки өлкөнүн  делегацияларынын таанышуу аземи өткөрүлдү. Эки өлкөнүн гимни ойнолду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Владимир Путин Президент Алмазбек Атамбаевди Москвада жылуу кабыл алды.  “Москвада сизди  чын жүрөктөн тосуп алууга уруксат этиңиз. Кечэ биз   беймарал жагдайда мамилелерибиздин бардык комплекси боюнча, аймактык маселелер, айрым эл аралык проблемалар туурасында бейформал сүйлөшүп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук.  Акыркы кезде  эмнелерди аткардык, айтмакчы, көп иштер жасалды. Алдыда дагы кандай милдеттерди аткарышыбыз керек, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинде көп тараптуу форматта  эмне иштерди жасашыбыз керек. Аймактагы биздин маселелерибиз туурасында  да.  Мына ошолор туурасында бүгүн бизде тар чөйрөдө, кеңейтилген курамда дагы  эки  тараптуу мамилени кандайча түзүп жаткандыгыбызды предметтүү сүйлөшүп алууга мүмкүнчүлүк болгонуна мен абдан кубанычтамын”, - деди Владимир Путин.

“Биз абдан жакын союздашпыз, жакын, ишенимдүү достордонбуз. Россия дагы, Кыргызстан дагы кандай кыйынчылыктар аркылуу өткөндүгүн жакшы билебиз. Туруксуздук мезгили артта калды. Алмазбек Шаршеновичтин аракетинин аркасы менен кырдаал турукташып гана калбастан, менимче жакшы өнүгүүнү карай багыт алып, кайра  артка кайткыс болуп калды. Сиз  президенттик кылган жылдары  Сиз түптөгөн бардык иштер улантылат, биз ошол жол менен - эки тараптуу байланыштарды чыңдоо жолу менен алдыга барабыз деп ишенем”, -деди Владимир Путин.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев  жылуу жана меймандос кабыл алгандыгы үчүн, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алгачкы  жыйынтыктарды чыгарууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгү  үчүн ыраазычылык билдирди.

Бир нече айдан кийин Кыргызстандын жаңы Президентин шайлоо өтөөрүн белгилеп келип, Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын лидерин  өлкө өтө оор изденүүлөрдүн жыйынтыгында тапкан жолунан тайбастыгына ишендирди. “Өз ишимдин алдын ала жыйынтыктарын чыгарып келип, эң башкы жетишкендигибиздин бири – Россия менен мамилени туура нукта жүргүзгөнүбүз деп эсептейм. Стратегиялык мамилелердин, достуктун жана боордоштуктун нугунда”,- деди  Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы россиялык тарапка зор колдоо көрсөткөндүгү үчүн  ыраазычылык билдирди. “Мен бул колдоону дайыма сезип келдим. Чыныгы боордоштук колдоону сездим. Бул, албетте, кыйынчылыктарды, көйгөйлөрдү жеңип чыгууга жардам берип келди”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Кыргызстанда  Россия менен мамилелерди өнүктүрүүгө  умтулуу бар экендигин баса белгиледи.  “Өлкөдө  туруктуулук болуш керек, өлкө өнүгүш керек. Саясый оюндарды азыраак ойноп, экономиканы өнүктүрүүгө көп көңүл буруу зарыл”,- деп Алмазбек Атамбаев чакыруусу үчүн, жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Владимир Путин менен кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүү

Жолугушууну ачып жатып Россия мамлекетинин башчысы  тараптар биргелешкен аракеттердин пландарын толук  талкуулашкандыгын белгилеп,  сөз кезегин Президент Алмазбек Атамбаевге, ошондой эле  стратегиялык мүнөздөгү документтерде белгиленгендерди ишке ашырууну түздөн түз жетектегендерге берүүнү сунуштады.

Өз кезегинде  Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк  мамилелердин жаңы деңгээлге чыккандыгын канааттануу менен билдирди.

“Кыргызстан  ЕАЭБ өткөндөн кийин биздин экономикалык мамилелерибиз айрыкча тереңдегендигин белгилеп койгум келет. Терс божомолдорго карабастан, жаңы экономикалык бирликке кошулганыбыз республикабыздын экономикасынын өнүгүшүнө катуу түрткү берди. Бул жерде иштеген карапайым Кыргызстан жарандары  жумушка орношуу жана жашоо шарттары канчалык жеңилдеп калганын дароо сезишти”,-деп Президент Алмазбек Атамбаев колдоо көрсөтүп жаткандыгы  үчүн өкмөттөр аралык комиссияга, Россиянын министрликтерине жана ведомстволоруна ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы ошондой эле  маданий-гуманитардык кызматташууну дагы көңүлдөн чыгарбаш керектигин белгиледи. “Бул жагынан алганда  Россия Федерациясында  Кыргызстан маданиятынын күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы белгиленип жаткандыгы жакшы саамалык. 20-июлда биз россиялык илимий кызматкерлерди жана эксперттерди “Алтай цивилизациясы жана алтай тилдүү   тууган элдер” форумуна келишин күтөбүз. Биздин байыркы,  көп кылымдык тарыхыбыз бар, келечегибиз дагы бирге  болот деп ишенем”,-деп  сөзүн жыйынтыктады Президент Алмазбек Атамбаев.

Эки тараптуу документтерге кол коюу аземи

20-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин  Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында эки тараптуу документтерге кол коюу аземи өткөрүлдү.

Төмөндөгү документтерге кол коюлду:

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо жөнүндө Декларация;

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда аскердик-техникалык кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө Келишим;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  менен Россия Федерациясынын  Өкмөтүнүн ортосунда миграция чөйрөсүндө компетенттүү органдардын өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө Макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  менен Россия Федерациясынын  Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын   алдындагы  2012-жылдын 20-сентябрындагы берилген кредит боюнча карыздарын жөнгө салуу жөнүндө Макулдашууга Протокол;

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен  Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын эсенчилигин коргоо чөйрөсүн көзөмөлдөө боюнча Федералдык кызматтын  (Россия  Федерациясы) ортосунда  чума боюнча эпидемиологиялык жакшы кырдаалды камсыз кылуу боюнча кызматташуу тууралуу Макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Федералдык казначылыгынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандум;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет менен Улуттук изилдөө технологиялык университетинин (Жогорку билим берүү боюнча мамлекеттик автономиялуу билим берүү мекемеси) ортосунда кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Мамлекеттик антимонополия агенттиги менен  дистанциялык окутуу ыкмасы аркылуу атаандаштык ведомстволорунун адистеринин квалификацияны жогорулатууну жана  кесиптик кайра даярдоону камсыз кылган Россия Федерациясынын “Окутуу-методикалык борбору” Федералдык антимонополиялык кызматынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандум;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу   Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы менен Россия Федерациясынын финансылык мониторинг боюнча Федералдык кызматынын жана “Финансылык мониторингдин эл аралык окутуу-методикалык борборунун” ортосунда   Кыргыз Республикасынын системасы үчүн кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишмердикти каржылоого каршы аракеттенген  кадрларды даярдоо тармагында кызматташуу  жөнүндө Макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматы менен  Мамлекеттик каттоонун, кадастрдын жана картографиянын Федералдык кызматынын (Россия Федерациясы) ортосунда  өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандум;

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети менен Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын ортосунда Меморандум.

Басма сөзгө билдирүү

Кыргыз  Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, 20-июнда,  эки тараптуу документтерге кол коюу аземи аяктагандан кийин басма сөзгө билдирүү жасашты.

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев  акыркы 5-6 жылдын аралыгында эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер терең трансформациялангандыгын белгиледи.

“Биз бул мамилелерди стратегиялык деңгээлге алып чыгууга жетише алдык. Владимир Владимирович, Сиздин  жеке катышууңуз менен  экономикада, соодада жана Кыргызстандын коргонуу жөндөмүн чыңдоо боюнча абдан ири долбоорлорду ишке ашыра  алдык”,- деди Президент.

Мамлекет башчысы  Кыргызстандын ЕАЭБге кириши өлкөнүн бардык ишенимин актап жатат, деп оюн улантты. “ Евразиялык экономикалык бирликке кирүүнүн шарапаты  менен товар жүгүртүү кескин, өзүңүз белгилеп кеткендей, 23 пайызга өскөндүгүн, эмгек мигранттарыбыздын акча которуулары  дагы өскөндүгүн көрүп турабыз. Эң негизгиси –  бул жерде иштеген Кыргызстан жарандары үчүн жашоо канчалык жеңилдей түшкөнүн көрүп жатабыз”,-деди Президент.

Алмазбек Атамбаев  Кыргызстан менен Россия тыгыз маданий байланыштарды сактап калгандыгына абдан кубанычта экендигин жашырган жок. “Албетте, байланышты мындан дагы бекемдеш керек. Бүгүн Россияда Кыргызстандын маданият күндөрү ачылып жатат, болгондо дагы Кремлдеги сьезддер ак сарайында. Бул иш чара маданий байланыштарды  тереңдетүүнүн мыкты мүмкүнчүлүгү”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Президенттин пикири боюнча  Кыргызстан менен Россияны байыркы тарых гана байланыштырбайт. “Албетте, бизди жалпы келечегибиз дагы сөзсүз байланыштырып турат”,-деп кошумчалады ал.

Сөзүнүн акырында Алмазбек Атамбаев  Россия Федерациясы тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

Россия мамлекетинин башчысынын пикири боюнча  чейрек кылымдын аралыгында  эки өлкөнүн  өз ара аракеттенишүүсү бардык багыттар боюнча ырааттуу, өз ара урматтоо жана бири биринин кызыкчылыктарын эске алуу принциптеринин негизинде  өнүгүп, чыныгы стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине чыкты.

“Кыргызстандын Президенти менен азыркы сүйлөшүүлөр салтка айланып калгандай, достук жана конструктивдүү маанайда өттү. Биз  эки тараптуу  күн тартибиндеги эң маанилүү маселелердин бардыгын талкууладык. Эки өлкөнүн Өкмөт мүчөлөрү, ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен бирге  россиялык-кыргыз мамилелердин абалын, биринчи кезекте соода-экономикалык чөйрөдөгү абалды толук карап чыктык”,-деди Владимир Путин

Россиянын Президентинин сөзү боюнча  Россия менен Кыргызстандын стратегиялык мамилелердин маанилүү бөлүгү -  аскердик-техникалык жана аскердик кызматташуу. Бүгүн кол коюлган аскердик-техникалык  кызматташууну өнүктүрүү  тууралуу мамлекеттер аралык келишим Кыргызстандын коргонуу жөндөмдүүлүгүн мындан ары чыңдоого олуттуу салым кошо алат.

Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушуу

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, 21-июнда, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев  менен жолугушту.

Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Президент Алмазбек Атамбаевди жылуу тосуп алды.  “ Сиздер Россиянын Президенти менен буга чейин жолугуштуңуздар. Билем, ал жолугушуулар Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда көп кырдуу кызматташууну толук мүнөздөгөн көп пландуу болду.  Бул кызматташуу ар бир өлкөдө боло келген экономикалык кыйынчылыктарга карабастан өнүгүп жатат. Өлкөлөр ортосундагы байланыштар чыңдалып, эки мамлекеттин тең экономикасы  өнүгүп баратат”,-деди Дмитрий Медведев.

Россиянын Өкмөт башчысы азыр эки тараптуу негизде жана Евразиялык экономикалык бирликтин  алкагында биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорлорду белгиледи. “Сиздин сапарыңыз эки тараптуу кызматташуунун жана элдерибиздин достук байланыштарын чыңдоого кызмат кылат деп ишенем”,- деди Дмитрий Медведев.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев  жолугушууга жана кызматташуунун учурдагы маселелерин талкуулап, келечектин пландарын белгилеп алуу  мүмкүнчүлүгүнө абдан кубанычта экенин белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелер азыр таптакыр башка – бийик деңгээлде экендигин  канааттануу менен баса белгиледи. “Биз өлкөлөр ортосундагы мамилелерди жакшы деңгээлге  –  боордоштук, достук, эң негизгиси стратегиялык  өнөктөштүктүн деңгээлине көтөрө алдык”,- деп Алмазбек Атамбаев  меймандостук менен жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-россия кызматташуунун актуалдуу маселелери жана  мындан ары өз ара аракеттенишүүнүн келечеги талкууланды.

Россияда жашаган мекендештер менен жолугушуу

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 21-июнда Россияда жашаган  мекендештер менен жолугушуу өткөрдү.

Суроо-жооп форматында өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы мигранттардын өлкөдө өткөрүлүп жаткан  турмуштун түрдүү чөйрөсүндөгү реформаларга, анын ичинде билим берүүдө, Куралдуу күчтөрдө, транспорттук инфраструктураны жана энергетиканы өнүктүрүүгө тиешелүү суроолоруна жооп берди. Россияда  жашап  жана иштеп жүргөн кыргызстандыктарды колдоо багытында жүргүзүлүп жаткан  иштердин негизги аспектилери тууралуу өз пикирин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев  Россиянын жетекчилери менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө  Россиядагы эмгек мигранттарынын жумуш шарттарын  мындан ары жакшыртуу боюнча чараларга өзгөчө көңүл бурулганын баса белгиледи.

Жолугушууга катышкандардын суроолоруна жооп берип, Мамлекет башчысы мигранттарга медициналык жардам көрсөтүүгө, Россиянын аймагында айдоочулук күбөлүктөрдүн таанылышы боюнча маселелерди чечүүгө көмөктөшүүгө  атайын токтолду.

Президент Алмазбек Атамбаев   Кыргызстан  өз тарыхындагы эң татаал мезгилдердин бирин баштан кечирүү менен,  туруктуу өнүгүүнүн  өз жолун тапкандыгын баса белгиледи. Алдыдагы Президентти шайлоону таза, адилеттүү өткөрүүнү камсыз кылууга, өлкөдө мыйзамдуулукту жана тартипти  камсыз кылууга өзгөчө басым жасалды.

Президент Алмазбек Атамбаевге Сербия Республикасынын Чоң тасмадагы Ордени тапшырылды

 

Сербия Республикасынын Президенти Томислав Николичтин Жарлыгы менен  ыйгарылган бул Орденге  Президент Алмазбек Атамбаев  Сербия менен Кыргызстандын ортосунда достук мамилелерди  жана кызматташууну өнүктүрүүгө жана чыңдоого  кошкон өзгөчө эмгеги үчүн татыктуу болду.

Мамлекет башчысына Орденди резиденциясы Москвада жайгашкан  Сербия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Славенко Терзич тапшырып, Сербиянын жетекчилигинин атынан   Президент Алмазбек Атамбаевге өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Москвадагы Собордук мечитке барып, Россиянын Муфтийлер Кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдин менен жолугушуу

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, 22-июнда, Москвадагы Собордук мечитке барып, Россиянын Муфтийлер Кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдин менен жолугушуу өткөрдү.

Мамлекет башчысы Равиль Гайнутдиндин жана Россия мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрүнүн коштоосунда намаз окулчу залды, мечиттин конференц залын, ошондой эле собордук мечиттин ичиндеги ислам музейинин экспонаттарын көрүп чыкты.

Андан кийин Президент Алмазбек Атамбаев  Равиль Гайнутдин менен жолугушуу өткөрдү.

Кыргызстандын Президентин тосуп  алып, Равиль Гайнутдин   Алмазбек Атамбаевдин келиши – чоң сыймык жана колдоо экендигин баса белгиледи. “Сиздин Россияга мамлекеттик сапар менен келгениңиз абдан маанилүү, ал эми Сиздин мечитке келгениңиз боордоштук катары кабыл алабыз. Сиздин Россия мусулмандарына көрсөткөн колдооңуз деп  түшүнөбүз”,-деди Равиль Гайнутдин.

Жолугушуунун жүрүшүндө  эки өлкөнүн  мусулмандар дин башкармалыктарынын ортосунда азыркы замандын коркунучтарына, биринчи кезекте радикализмге жана экстремизмге каршы боюнча  өз ара аракеттенишүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Башкырстан Республикасынын Башчысы Руcтэм Хамитов менен жолугушуу

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 22-июнда, Башкырстан Республикасынын Башчысы Руcтэм  Хамитов менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Башкырстандын  Башчысы Руcтэм  Хамитов Президент Алмазбек Атамбаевди  Уфага келгендиги жана республикага жылуу мамилеси  үчүн ыраазычылык билдирди. Кыргызстан менен Башкырстандын ортосундагы достук байланыштар  бардык багыттар боюнча улам бекемдеп жаткандыгын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев Рустэм Хамитовго кыргыз делегациясын Уфада жылуу тосуп алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип,  Кыргызстан менен Башкырстандын элдеринин ортосунда маданий-тарыхый тыгыз байланыштар  бар экендигин белгилеп өттү.

Андан соң Президент Алмазбек Атамбаев менен Башкырстандын Башчысы Рустэм Хамитов жолугушууну кеңейтилген курамда өткөрүштү.

Башкырстан Республикасынын Башчысы  кыргыз жана башкыр элдеринин жалпы улуттук тамыры бир экендигин, эки элди түрк элинин бай тарыхы, бирдиктүү руханий маданият байланыштырып тургандыгын белгиледи.

“Бул нерсе башкыр-кыргыз мамилелерине өзгөчө достук, ал тургай  туугандык мүнөз берип турат деп айтаар элем. Биз муну абдан баалайбыз. Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүү биздин республикабыз үчүн  тышкы экономикалык чөйрөдөгү эң маанилүү багыттардын бири. Биз бүгүн  соодада, илимде, билим берүүдө, маданият тармагында байланыштарыбызды ырааттуулук менен чыңдап жатабыз”,-деди Рустэм Хамитов.

Анын сөзү боюнча 2015-жылдын март айында Кыргызстанда Башкырстан маданиятынын жана илиминин күндөрү өткөрүлгөнү, өткөн жылдын июнунда Уфада Россия-кыргызстан аймактар аралык V конференциясынын өткөрүлүшү маанилүү окуялардан болуп калды.

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыздар да, башкырлар да алтай цивилизациясынан чыккан бир тууган элдер экендигин белгиледи. “Дал ушундай сапарлар достугубузду бекемдейт. Бизди миң жылдык тарых байланыштырып турат. Бизди жалпы экономикалык жана маданий мейкиндигибиз байланыштырып турат”,-деди Президент. Ушул сыяктуу биргелешкен иш чаралар абдан чоң саясый натыйжа берээрин кошумчалады.”Биз ушул байланыштарыбызды жана  боордоштугубузду сактап калууга милдеттүүбүз”.

Сүйлөшүүлөр  аяктагандан кийин Президент Алмазбек Атамбаев менен Башкырстандын Башчысы Рустэм Хамитов биргелешкен пресс-конференция өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Башкырстандын Башчысы Рустэм Хамитов Президент Алмазбек Атамбаевге башкыр тилинде биринчи жолу басылып чыккан «Манас» эпосун тартуулады

Башкырстан Республикасынын Башчысы Руcтэм  Хамитов Уфада жүргөн Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге башкыр тилинде биринчи жолу басылып  чыккан «Манас» эпосун тапшырды.

Эпосту  башкыр тилине Россия Илимдер академиясынын Уфадагы илимий борборунун Тил жана адабият институтунун чыгармачыл жамааты которгон.

Чыгармачыл жамаат эпостун поэтикасын сактоого, ошондой эле кыргыздардын үрп-адатын, салт-санаасын өзгөртүүсүз берүүгө умтулган. Адабий эстеликти басып чыгаруу – бир тууган элдердин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон зор салым.

Президент Алмазбек Атамбаев Башкырстандын  Башчысы Руcтэм Хамитовго кыргыз элине тартуулаган баасы чыккыс белеги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

Татарстандын Президенти Рустам Минниханов менен жолугушуу

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, 23-июнда, Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Минниханов менен жолугушту.

Жолугушуунун алдында чогуу сүрөткө түшүү аземи өткөрүлдү, аны улап тар  курамда  сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

Андан соң кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Татарстан Республиканын Президенти Рустам Минниханов Президент Алмазбек Атамбаевди сапары боордош эки элдин тарыхындагы чоң окуя экендигин белгиледи.

“Москвада Сиз Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен маанилүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдүңүз.  Союздаштыкты  жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо жөнүндө Декларацияга, ошондой эле  бир катар маанилүү документтерге кол коюлду. Быйыл  Россия менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелерге жана  Россия менен Кыргызстан ортосунда достук жана кызматташтык жөнүндө Келишимге 25 жыл толду. Бүгүнкү күндө бул байланыштар жаңы деңгээлге чыкты”,- деди Рустам Минниханов.   

Анын сөзү боюнча тараптар соода-экономикалык чөйрөдөгү мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланбай жатышат.

“Татарстан – өнөр жайы өнүккөн аймактардын бири. Экономикабыздын негизи – нефти өндүрүү. Ошол эле учурда биз Россияда айыл чарба азыктарын өндүрүү боюнча үчүнчү орунду ээлейбиз. Акыркы жылдары  инновациялык технологияларды өнүктүрүүгө көңүл бөлө баштадык”,-деп Татарстандын Башчысы  маданий-гуманитардык чөйрөдө, туризмди жана спортту өнүктүрүү боюнча кызматташууну  тереңдетүү зарылчылыгын кошумчалады.

“Элдерибизди жакындаштурууда кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов чоң роль ойнойт. Сиз менен  залкар жазуучунун чыгармачылыгына арналган эл аралык конференция өткөрүү туурасында сөз кылдык эле. Бул иш чара байланыштарыбызды чыңдоого жана эки өлкөнүн  жазуучуларын жакындаштырууга мүмкүнчүлүк берет. Ошону менен бирге биз “Алтай цивилизациясы жана  алтай тилдүү боордош элдер” эл аралык форумуна катышаарыбызды билдиребиз.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев  Президент болуп тургандагы эң башкы жетишкендиги – Россия менен бир туугандык жана достук мамилелерди түзүү болгондугун белгиледи.

“Кыргызстан маданиятынын күндөрү Россиянын шаарларында өтүп жаткандыгына биз абдан ыраазыбыз. Ушул сыяктуу эле Татар маданиятынын күндөрүн Бишкекте өткөрөсүздөр деп күтөбүз”,-деди Мамлекет башчысы.

Экономикадагы кызматташуу туурасында айтып келип, Алмазбек Атамбаев  эки тараптуу кызматташууну активдештирүүнүн жолдорун чогуу издөөгө ишенимин билдирди.

“Биздин байма-бай жолугушууларыбыз экономиканын өнүгүшүнө түрткү берүүгө тийиш. Албетте, биргелешкен долбоорлорду ишке  ашыруу керек. Мына биз  Бишкектен Казанга түз авиакаттамды ишке киргиздик. Бирок сиздердин авиакомпаниялар дагы Казандан Ысык-Көлгө түз  каттамдарды киргизиши керек. Ошондо биргелешип туризмди өнүктүрүүгө  шарт түзүлөт”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Ошону менен катар Мамлекет башчысы Рустам Миннихановго “Таза коом” программасын ишке ашыруу үчүн IT-адистерди даярдоого көмөктөшүп, ошондой эле тоо илбирсин жана ал жашаган чөйрөнү сактап калуу боюнча долбоорго катышууга чакырды.

Президент Алмазбек Атамбаев бул жолку сапар эки тараптуу мамилелерге дем берээрине ишенимин айтып, боордош өлкөнүн ийгиликтерине чындап кубанып жаткандыгын белгиледи.

Татарстандын биринчи Президенти, Мамлекеттик кеңешчи Минтимер Шаймиев менен жолугушуу

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 24-июнда, Татарстан Республикасынын алгачкы Президенти, Мамлекеттик кеңешчи Минтимер Шаймиев менен жолугушту.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Минтимер Шаймиев  Казан Кремлинин өкүлчүлүк корпусун, ошондой эле  Казан шаарынын тарыхый-архитектуралык имараттарынын жана курулуштарынын макеттерин көрүп чыгышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаевдин Татарстанга сапарынын эки республиканын боордош элдеринин ортосундагы мамилелерди мындан ары  чыңдоодогу мааниси баса белгиленди

Мамлекет башчысы ошол эле күнү Бишкекке кайтып келди.

 

24-июнь, 2017-жыл
Басып чыгаруу