Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан жана ЕРӨБ ортосундагы «Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашуу ратификацияланды (2-фаза)

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы „Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (2-фаза)“ долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы „Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (2-фаза)“ долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 24-октябрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2019-жыл 15-ноябрь