Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 19-июнунда кабыл алынган.

Техникалык жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жакшыртуу, ошондой эле анын ченемдерин техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Евразия экономикалык бирлигинин укуктук базасына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 22-майындагы № 67 «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Мыйзамына айрым өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2019-жыл 7-август