Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Токтогул ГЭСин реаблитациялоого инвестициялык насыя берүү жөнүндөгү кошумча макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019 жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган,             2015-жылдын 31-июлундагы „Токтогул ГЭСин реабилитациялоо.           2-фаза“ долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө № 4 макулдашууга № 1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Евразия өнүктүрүү банкына көрсөтүлгөн Кошумча макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2019-жыл 19-июль