Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 30-майында кабыл алынган.

Бул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексине төмөнкүдөй толуктоолор киргизилди, ага ылайык:

  1. Салык төлөөчү тарабынан өндүрүлгөн айыл чарба канаттуулары жана балыктар, айыл чарба канаттууларын жана балыктарды көбөйтүү боюнча ишти жүзөгө ашырган айыл чарба өндүрүүчүсү үчүн тоюттарды беримдер КНСтен (кошумча нарк салыгы) бошотулган беримдер болуп саналат.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү ТНВЭДдин товардык позициялары боюнча өндүрүү үчүн чийки затты алып келүүдө төлөнүүчү импортко КНСтин суммасы төмөнкүлөргө бюджеттен орду толтурулууга жана/же кайра кайтарылууга тийиш:

1) айыл чарба канаттууларын жана балык өстүрүү боюнча ишти жүзөгө ашырган айыл чарба өндүрүүчүсүнө;

2) айыл чарба канаттууларын жана балык ѳстүрүү үчүн тоюттарды өндүрүү боюнча ишти жүзөгө ашырып жаткан салык төлөөчүгө.

Импортко КНСтин суммасын кайра кайтаруу салык төлөөчү алынып келген чийки затты иш жүзүндө айыл чарба канаттууларын жана балык ѳстүрүү үчүн тоюттарды өндүрүү үчүн пайдаланганын документ аркылуу тастыктаган шартта жүзөгө ашырылат. Импортко КНСтин суммасын кайра кайтаруу тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып, он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2019-жыл 12-июль