Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2019-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резерви категориясын алып салуу менен жер казынасын пайдалануу үчүн берилген жерлерди жөнгө салуудагы түшүнбөстүктөрдү жоюу болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2019-жыл 11-май