Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы айыл жергесинде мобилдүү клиникаларды сатып алууга жана пайдаланууга кайрымдуулук салымын кошууну жүзөгө ашырууга байланыштуу макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2014-жылдын 3-декабрында Мекке шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын («Фаель Хаир» программасынын администратору катары) ортосундагы Айрым мусулман мамлекеттеринде жана коомдоштуктарда мобилдүү клиникаларды уюштуруу боюнча «Фаель Хаир» программасынын алкагында айыл жергесинде мобилдүү клиникаларды сатып алууга жана пайдаланууга кайрымдуулук салымын кошууну жүзөгө ашырууга байланыштуу макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 18-мартында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Ислам өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасы тарабынан ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлоого милдеттендирилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 14-апрель