Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- Бажы бирлигинин келишимдик-укуктук базасын түзгөн эл аралык келишимдердин, Бажы бирлигинин органдарынын бажылык жөнгө салуу жана бажы иши жаатында чечимдеринин Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылышын камсыз кылуу;

- товарлар менен тышкы соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу;

- бажы иши жаатында мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү;

- товарларды Кыргыз Республикасына алып келүү жана аларды Кыргыз Республикасынан алып чыгуу менен байланышкан иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактардын, бажылык иш-аракет чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзгөн жактардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынан ташылып чыккан жана Кыргыз Республикасына ташылып келген товарларга ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана тескөө укугун ишке ашыруучу башка жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылуу;

- тышкы экономикалык иш-аракети жана тышкы соода иш-аракеттин, бажы иши жаатындагы инфраструктураны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.

Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлик жөнүндө Келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

2015-жыл 10-январь