Бразилия Федеративдик Республикасынын Президенти Жаир Болсонару Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады.
«Сиздин жооптуу кызматыңызда чоң ийгиликтерди каалаймын. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы диалогду жана кызматташтыкты чыңдоо максатында биргелешип иштөөгө даяр экенимди билдиремин», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.