Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстандын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Жаркыраган Нооруз майрамына байланыштуу менин чын ниеттеги куттуктоомду кабыл алыңыз. Ынтымак менен бакубатчылыктын белгиси болгон Нооруз эки боордош элге ийгиликтер менен жетишкендиктерди алып келсин. Эки тарапка тең пайдалуу болгон кызматташтыкка негизделген Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелер мындан ары эки жана көп тараптуу форматтарда да өнүгөөрүнө ишенем», — деп белгиленет Казакстандын тунгуч Президентинин куттуктоосунда.

Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековдун жоопкерчиликтүү кызматына ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык менен өсүп-өнүгүүнү каалады.

2020-жыл 21-март