Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Патриарх Кирилл Президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

Москва жана бүткүл Россиянын патриархы Кирилл Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады.

«Сиз жогорку даражадагы кесипкөйлүктү, өзгөчө жөндөмдүүлүктү жана саясий эркти көрсөтүп, элиңиздин бакубат жашоосуна кам көрүп келесиз. Сиздин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, элдин патриоттук жана өз тарыхын сыйлоо духунда тарбияланышына багытталган көп жылдык эмгегиңиз бүгүнкү күндө өз жемишин берип жатканын белгилөөгө кубанычтамын.

Мындан тышкары, Сиз Бишкектин орус православ чиркөөсүнүн жашоосуна көӊүл бөлүп турганыңыз үчүн ыраазычылык билдирем.  Республиканын салттуу диний жамааттары менен мамлекеттик бийлик органдарынын кызматташтыгы мындан ары дагы замандаштарыбыздын идеалдарына төп келишип, элдин биримдиги жана ынтымагын бекемдөөгө көмөктөшөт деген үмүтөмүн», — деп айтылат куттуктоо телегаммасында.

Патриарх Кирилл Президент Сооронбай Жээнбековго бекем ден-соолук, узун өмүр жана элдин бакубатчылыгы үчүн аткарган жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

2019-жыл 16-ноябрь