Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норов Президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Владимир Норов Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады.

«Туулган күнүңүзгө байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз!

Сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргыз Республикасы туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү жана демократиялык коомду түзүү жолунда бара жатат. Эл аралык аренада өлкөнүн кадыр-баркы жыл сайын өсүүдө.

Кыргыз Республикасы Шанхай кызматташтык уюмунун өнүгүүсүнө активдүү салым кошууда. Бул жылдын июнь айында ШКУнун Бишкектеги саммити ийгиликтүү өткөрүлүп, анын жыйынтыгында көптөгөн документтерге кол коюлушу Кыргыз Республикасынын 2018-2019-жж. Уюмдагы төрагалынынын натыйжалуулугунун көрсөткүчү болуп калды жана ШКУнун алкагында өз ара аракеттенүү үчүн жаңы мейкиндиктерге жол ачты.

Мунун баары кыргыз тараптын ШКУда төрагалыгынын алкагында өткөн бардык иш-чараларга Сиздин жеке көңүл бурууңуз жана колдооңуз менен мүмкүн болду.

Сизге бекем ден соолук, бакубаттулук, Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн аткарган мамлекеттик жооптуу ишиңизде албан ийгиликтерди каалайм», — деп айтылат Владимир Норовдун куттуктоосунда.

2019-жыл 16-ноябрь