Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 16-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен жылуу куттуктап, бекем ден соолук, бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишинде жаңы ийгиликтерди каалады.
Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

2019-жыл 16-ноябрь