Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Армениянын Президенти Армен Саркисян Президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

Армения Республикасынын Президенти Армен Саркисян Кыргыз Республикасынын ПрезидентиСооронбай Жээнбековду туулган күнү мененкуттуктады.

«Туулган күнүңүзгө байланыштуу чын жүрөктөнкуттуктоолорумду жана каалоолорумду кабылалыңыз!

Сиздин мамлекеттик иштеги бай тажрыйбаңыз, эл аралык кызматташуудагы алака түзүү маселелеринчече билүү жөндөмүңүз эл аралык аренада Сизгечоң кадыр-барк алып келди.

Биздин элдерибиздин достук жана өз ара колдоокөрсөтүүгө негизделген мамилеси мындан ары да мамлекеттер аралык кызматташуунун эки тараптуужана көп тараптуу форматтардагынатыйжалуулугун жогорулатат деп ишенем. Сизгебекем ден соолук, бакты-таалай жана бакубатуулуккаалайм», - деп телеграммада белгиленген.

2019-жыл 16-ноябрь