Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Румыния Президенти Клаус Вернер Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Румыния Президенти Клаус Вернер Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгы күнүнө байланыштуу Сизге жана кыргыз элине тынчтыкты жана бакубаттулукту каалоо менен куттуктоолорумду билдирем.

Майрам күнү мен биздин өлкөлөр ортосундагы ар кыл чөйрөлөрдөгү мамилелери румын жана кыргыз элдеринин жалпы жыргалчылыгы үчүн өнүгө жана бекемдей бере турганына ишеним билдирем», — деп айтылат Румыния Президентинин куттуктоо телеграммасында.

2019-жыл 31-август