Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кореянын Президенти Мун Чжэ Ин Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Корея Республикасынын Президенти Мун Чжэ Ин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Жыл өткөн сайын кыргыз-корей достук мамилелери түрдүү тармактарда өз ара аракеттенишүү менен тыгыз, туруктуу өнүгүүдө. Биздин өлкөлөр мындан ары дагы тыгыз кызматташуусун тереңдетип, бекемдеп, өз ара пайдалуу жана келечекке багытталган мүнөз берет деп үмүттөнөм. Эки өлкөнүн ортосундагы достук мындан ары дагы бекемделе берерине ишенем», — деп белгиленет Корея Президенти Мун Чжэ Индин куттуктоосунда.

Кореянын Президенти Президент Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине узак гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

2019-жыл 31-август