Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Афганистандын Өкмөтүнүн башчысы Абдулла Абдулла Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Афганистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн башчысы Абдулла Абдулла Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Сизди жана мусулман Кыргыз элин кирип келген ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктаганыма абдан кубанычтамын. Жараткан бүткүл мусулмандардын ниетин жана жакшы иштерин кабыл кылып,  ушул ыйык Рамазан айы бүт дүйнөнүн мусулмандарына тынчтык, тилектештик  жана бейпилдик  алып келишин тилейм. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ушул кубанычтуу күнү Сизге чың ден соолук жана ийгилик, ал эми боордош жана дос Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүнү Жараткандан суранам», — деп айтылат Афганистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн  башчысынын  куттуктоо телеграммасында.

2019-жыл 5-июнь