Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктады

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгына байланыштуу куттуктады.

«Жеңиш Күнү — бул тынчтыкта жанаша жашоо жана гуманизм идеяларын даңазалаган жарык майрам. Бул улуу күнү биз өзгөчө ыраазычылык жана сыймыктануу сезимдери менен болочок муундун тынч жашоосу жана бардык адамзаттын бактылуу келечеги үчүн эрдик менен салгылашкандардын ысымдарын жана ошондой эле өзүнүн тынымсыз жана талыкпас эмгеги менен Жеңиштин жарык күнүн жакындаткан ооруктун эмгекчилдерин эскеребиз. Ата-бабаларыбыздын каармандыгы жана өлбөс-өчпөс эрдиктери мындан ары дагы өлкөлөрүбүз ортосундагы достук мамилелерин бекемдөө жана ар тараптуу кызматташуу үчүн бекем негиз болуп кызмат кылат деп ишенем», — деп белгиленет телеграммада.

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Сооронбай Жээнбековго жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бекем ден-соолук, бакты-таалай жана соолбос күч-кубат, ал эми Кыргызстандын боордош элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

2019-жыл 9-май