Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин  Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин  Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктады.

«Сизди жана Кыргыз Республикасынын бардык дос элин фашизмди жеңүүнүн 74 жылдыгы менен чын  дилимден куттуктайм. 9-май бүткүл адамзатына карата кандуу согушта жанаша күрөшкөн  бардык элдер үчүн ыйык майрам болгон жана болуп кала берет. Биз бүгүнкү жарык күндү көрбөй калгандардын алдында баш ийип таазим кылабыз жана алардын эрдигин даңктайбыз, аскерлерге жана тылдагы эмгекчилерге, чоң аталарыбызга жана апаларыбызга тынчтыкты жана эркиндикти сактап калгандыгы үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдирип, аны муундан муунга өткөрүп келебиз. Бүгүн биз кыргыз-өзбек карым-катнаштарынын аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылган достук, кошуналык жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган чыгармачыл ишибиз менен алардын эрдигине татыктуу болууга аракеттенебиз», — деп белгиленген Шавкат Мирзиёевдин телеграммасында.

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, бакубатчылык жана ийгилик, жалпы Кыргызстан элине — тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

2019-жыл 9-май