Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков Европа кеңешинин Төрагасы Дональд Тускту Европа күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Европа кеңешинин Төрагасы Дональд Тускка Европа күнүнө байланыштуу куттуктоо жолдоду. 
«Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Европа бирлиги менен мамилелери өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө чын дилден умтулуусу менен айырмаланат. Бизди сөз эркиндигин, коопсуздукту, адам укугун, ошондой эле укуктун үстөмдүгүн камсыз кылууну бекем жактаганыбыз бириктирип турат.
Кыргыз Республикасы өз ара мамилелерди тереңдетүүгө жана кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана кеңейтүүгө зарыл болгон күч аракетин жумшоого даяр», -деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.
Президент Сооронбай Жээнбеков Европакеңешинин Төрагасы Дональд Францишек Тускка чың ден-соолук жана жогорку кызматтагы ишине мындан аркы ийгиликтерди каалады.

2018-жыл 9-май