Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакcтан Президенти Нурсултан Назарбаев Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын жарандарын куттуктады

Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын бардык жарандарын куттуктады.

 «Ушул күнү биз Улуу Ата Мекендик согуштун айыгышкан уруш талааларында жана эмгек майданында биздин эркиндигибизди жана азаттыгыбызды каармандык менен коргоп, биз үчүн жеңишти алып келгендерди эскеребиз.

Каардуу согуш жылдарында сыналган жана чыңдалган биздин өлкөлөрүбүздүн элдеринин достугун мындан ары карай бекемдөө кан төгүлгөн согушта курман болгондорго жана бүгүн арабызда жүргөн баатырларыбызга көрсөткөн сый-урматыбыз экендигине ишенем», — деп белгиленет телеграммада.

Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев жеңишке кошкон салымы үчүн согуштун ардагерлерине ыраазычылык билдирип, Президент Сооронбай Жээнбековго ден-соолук жана бакубатчылык каалады.

2018-жыл 9-май