Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 1-2-июнь күндөрү иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат.
Сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы билим берүү жана башка объектилердин абалы менен таанышат.
Президент Садыр Жапаров ошондой эле реконструкциядан өткөн Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын Балалык» ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексин ачат.
Комплекстин ачылышы УТРК жана республикалык телеканалдар аркылуу түз көрсөтүлөт.
Эфир болжол менен саат 14:00до башталат.