Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бүгүн Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында ЖЕЭК жыйыны өтөт

Бүгүн, 27-майда, Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) төрагасы Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) катышуучу өлкөлөрүнүн лидерлеринин катышуусунда видеоконференция форматында ЖЕЭК жыйыны өтөт.

Саммиттин күн тартибинде кеңейтилген жана чакан чөйрөлөрдө 15 маселени талкуулоо пландалган, анын ичинде ЕАЭБдин 2022-2023-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары, ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштердин жыйынтыгы, ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын ишке ашуусу ж. б.

Жыйынга Беларус Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын Президенти Владимир Путин, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян катышат. Байкоочу өлкө лидерлери катары Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Кубанын Президенти Мигель Диас-Канель катышат.

Эске салсак, 2022-жылы Кыргыз Республикасы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешине төрагалык кылат.
ЖЕЭК жыйынын УТРК жана социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Башталышы 16.00.

2022-жыл 27-май