ЖМКда кеңири тараган Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жаранынын тууганы тарабынан сабалышы боюнча факты Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаеванын көзөмөлүндө.
Үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлдөрү кыргыз диаспорасынын активисттери менен биргеликте жашы жете элек өспүрүмдүн жашаган жерине барышканы белгиленет. Учурда ата-энеси менен макулдашып, жашы жете элек кызды Кыргызстанга жөнөтүү үчүн тиешелүү документтер даярдалууда.
Бул факты боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен иш жүрүүдө.