Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жоомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 18-майда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жоомарт Токаевдин телефондук сүйлөшүүсү болду.

Садыр Жапаров Касым-Жоомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигине мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тараптын стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө, Казакстан менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө даярдыгын билдирди.

Өз кезегинде Казакстандын Президенти Касым-Жоомарт Токаев Садыр Жапаровго куттуктоосу жана жылуу каалоолору үчүн ыраазычылык билдирип, боордош өлкөлөр ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даяр экенин баса белгиледи.

2022-жыл 18-май