Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров ЖККУга мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн Москвага учуп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин жыйынына катышуу үчүн Москва шаарына (Россия Федерациясы) учуп кетти.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:
— Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков;
— Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гүлнара-Клара Самат.

2022-жыл 15-май