Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бишкекте Ленинграддын блокададан бошотулушунун урматына митинг-реквием өттү

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 27-январда, Ленинград шаарынын фашисттик блокададан толук бошотулушунун 78 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты.

“Мен баатыр шаар Ленинградды, азыркы Санкт-Петербургду фашисттик баскынчылардан бошотууда курман болгондордун элесине башымды ийем. Бүткүл дүйнөгө кажыбас эрктин, майтарылбас чыдамкайлыктын жана баатырдыктын чыныгы үлгүлөрүн көрсөткөн Ленинград блокадасына жана боштондукка чыккандарга терең таазим!”, - деди Сүйүнбек Касмамбетов.

Ал белгилегендей, легендарлуу шаарды блокадага алуу Улуу Ата Мекендик согуштун эң трагедиялуу жана кайгылуу окуяларынын бири катары бүткүл дүйнөгө белгилүү.

 

«Биздин жүрөгүбүздө ленинграддыктардын өзгөчө эрдиги, көбүнчө өз өмүрүн кыйып, өз туулуп-өскөн шаарын коргоп, 900 күнгө жакын блокададан аман калган, бул болуп көрбөгөндөй кырсык жана ошол эле учурда согушта эрдик болуп калды жана ал совет элинин тарыхында түбөлүккө сакталат. Биз муну өзүбүздүн адамдык парзыбыз деп эсептейбиз, алардын элесине ар дайым таазим этебиз», - деди ал.

Курман болгондорду эскерүүгө КР коргоо министри Бактыбек Бекболотов, борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев, Ленинград блокадасынын катышуучулары, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана башкалар да келишти.

2022-жыл 27-январь