Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров: Бир тараптын кызыкчылыгын көздөп тергөөнү атайын создуктуруучу ченемдер алынып салынды

«Кодекстерде мурдагыдай бир тараптын кызыкчылыгын көздөп тергөөнү атайын создуктуруучу ченемдер алынып, алардын ордуна конкреттүү мөөнөттөр белгиленди», — деп айтты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда, Прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанаттуу иш-чарада.

Мамлекет башчысы белгилегендей, мындан кийин ар бир арыз же кылмыш окуясы жөнүндө билдирүү боюнча 10 күндүк мөөнөттүн ичинде кылмыш иши козголот, же кылмыш ишин козгоодон баш тартылат.

«Эгерде кылмыш иши козголсо, оордугуна жараша 1 же 2 айдын ичинде тергөөсү аяктап, соттук кароого жиберилүүгө тийиш. Ушул белгиленген ченемди кыйшаюусуз аткаруу — прокурордун жана тергөөчүлөрдүн ыйык милдети болушу керек.

Тергөө мөөнөтүн создуктурбай өз убагында аяктоо боюнча Башкы прокуратура тиешелүү зарыл болгон иш-чараларды иштеп чыгып, колдонууга киргизүүгө тийиш. Ал эми сот системасы, укук коргоо жана фискалдык органдар жүргүзүлүп жаткан укуктук саясатты колдоп, жигердүү иш алып барууга милдеттүү. Эгерде бул    иш-аракеттерге бут тосуулар болуп, каршы иштегендер болсо аёосуз чара көрүлөрүн эскертем!

Анткени, сотко чейинки өндүрүштү өз мөөнөтүндө сапаттуу аяктоо жарандардын укугун коргоо болуп саналарын эстен чыгарбоо зарыл.

Кылмыш иштеринин тергөөсүн негизсиз создуктурбоо максатында Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы сот, же тергөөчү тарабынан экспертиза дайындалган учурдан тартып бир айдын ичинде корутунду чыгарууга тийиш», — деп белгиледи Президент.

Садыр Жапаров эксперттик кызматтын штаттык бирдиги көбөйтүлгөнүн, эмгек маяналары көтөрүлүп жана административдик имараттар менен камсыз кылынгандыгына токтолду.

«Кылмыш иштери сапаттуу тергелсе, сот отуруму ачык, тең укуктуулуктун негизинде каралып, мыйзамдуу соттук чечим кабыл алууга өбөлгө түзүлөт», — деп баса белгиледи Президент Садыр Жапаров.

2021-жыл 20-ноябрь