Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 30-сентябрында кабыл алынган.
Конституциялык мыйзам Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусун, судьялардын көз карнадысыздыгынын кепилдиктерин, Кыргыз Республикасынын судьяларын шайлоо, дайындоо тартибин, аларды которууну (ротациялоону), кызматтан бошотууну, судьялардын жоопкерчилигин, алардын ишин материалдык жана социалдык жатан камсыз кылуу чараларын жана ушул статуска байланышкан башка жоболорду аныктайт.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын 94-99- беренелеринин жоболорун реализациялоо максатында кабыл алынды.

2021-жыл 17-ноябрь