Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КР Президентинин «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Респбуликасынын Пезиденти Садыр Жапаров «2017-жылдын 31-январындагы „Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнундө» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:

1) I бөлүмдүн «Саясий мамлекеттик кызмат орундары» деген
1-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1-глава. Саясий мамлекеттик кызмат орундары

Президент

Жогорку Кеңештин Төрагасы — Жогорку Кеңештин депутаты, Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары — Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин депутаты

Коопсуздук кеңештин Төрагасынын орун басары

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Министрлер Кабинетинин мүчөсү

Мамлекеттик катчы

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл

Жогорку Кеңештин Аппаратынын Жетекчиси

Коопсуздук кеңештин катчысы

Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальниги, Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальнигинин орун басары — бөлүм башчысы, Президенттин Администрациясынын борборунун директору, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү

Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысы, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальниги, Президенттин Администрациясынын борборунун директорунун орун басары, Президенттин Администрациясынын кызматынын жетекчиси, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальнигинин орун басары — бөлүм башчысы, Коопсуздук кеңештин катчысынын орун басары, Президенттин атайын өкүлү, Министрлер Кабинетинин атайын өкүлү, Президенттин басма сөз-катчысы

Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары — сектор башчысы, Президенттин Администрациясынын кызматынын жетекчисинин орун басары, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары, Президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысы, Министрлер Кабинетинин атайын өкүлүнүн орун басары

Президенттин Администрациясынын секторунун башчысы, Президенттин Администрациясынын мамлекеттик инспектору, Президенттин Администрациясынын инспектору, Президенттин Администрациясынын башкы эксперти, Президенттин Администрациясынын эксперти, Президенттин Администрациясынын спичрайтери

Президенттин карамагындагы мамлекеттик органдын жетекчиси, Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомствонун жетекчиси

Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким

Президенттин кеңешчиси

Президенттин жардамчысы»;

2) II бөлүмдүн «Административдик мамлекеттик кызмат орундары» деген 4-главасында:

— 4.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«4.1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты (өзгөчө тартипте дайындалуучу кызмат орундары)

Категориялар

Президенттин Администрациясы

Жогорку Кеңештин Аппараты

Жогорку кызмат орду

Ж-А

 

Жогорку Кеңештин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары

Ж-Б

 

Бөлүмдүн, депутаттык фракциянын катчылыгынын башчысы

Жогорку Кеңештин Төрагасынын басма сөз-катчысы

Бөлүм башчысынын орун басары

Сектор башчысы

Башкы кызмат орду

Б-А

 

Эксперт

Улук консультант

Б-Б

 

Консультант

Башкы адис

Улук кызмат орду

У-А

Улук референт

 

У-Б

Референт

 

»;

— 4.11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«4.11. Патронаттык кызмат орундары (өзгөчө тартипте дайындалуучу кызмат орундары)

Категориялар

Саясий мамлекеттик жана атайын кызмат орундарын ээлеген адамдардын кеңешчилери, жардамчылары жана консультанттары

Жогорку кызмат орду

Ж-А

Жогорку Кеңештин Төрагасынын кеңешчиси

Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин кеңешчиси

Башкы кызмат орду

Б-А

Конституциялык соттун төрагасынын кеңешчиси

Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси

Б-Б

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын кеңешчиси

Мамлекеттик катчынын кеңешчиси

Коопсуздук кеңештин Төрагасынын орун басарынын кеңешчиси

Жогорку Кеңештин парламенттик фракциясынын лидеринин кеңешчиси

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарынын кеңешчиси

Мамлекеттик органдын жетекчисинин кеңешчиси

Улук кызмат орду

У-А

Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты

Жогорку Кеңештин Төрагасынын жардамчысы

Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин жардамчысы

Конституциялык соттун төрагасынын жардамчысы

Жогорку соттун төрагасынын жардамчысы

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын жардамчысы

Мамлекеттик катчынын жардамчысы

Коопсуздук кеңештин Төрагасынын орун басарынын жардамчысы

Жогорку Кеңештин Аппаратынын Жетекчисинин жардамчысы

У-Б

Жогорку Кеңештин депутатынын, мамлекеттик органдын жетекчисинин жардамчысы

».

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

2021-жыл 22-октябрь