Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыктар менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин орун басарлары дайындалды.

Жарлыктарга ылайык:

-        Кожошев Арзыбек Орозбекович Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды;

-        Аалиев Азиз  Кубанычбекович Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

-        Байсалов Эдиль  Жолдубаевич Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

-        Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.

2021-жыл 13-октябрь