Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров Алар Каристи Президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Алар Каристи Эстония Республикасынын Президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады.

«Сизди Эстония Республикасынын Президенти кызмат ордуна киришүүңүз менен чын дилимден куттуктайм.

Биздин биргелешкен күч-аракеттерибиз менен Кыргыз Республикасынын жана Эстония Республикасынын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтык, достук мамилелер кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө өз ара түшүнүшүү жана колдоо рухунда мындан ары да ургаалдуу өнүгөт жана бекемделет деп ишенем», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Алар Кариске чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми Эстония элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

2021-жыл 11-октябрь