Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жогорку аскердик наамдарын ыйгаруу жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык жогорку аскердик наамдарын ыйгаруу жөнүндө Жарлыктарга кол койду.

Жарлыктарга ылайык:

  • Иманкулов Марат Мукановичке генерал-лейтенант наамы берилди;
  • Омуралиев Таалайбек Барыктабасовичке - генерал-лейтенант наамы берилди;
  • Бекболотов Бакытбек Асанкалиевичке - генерал-майор наамы берилди;
  • Шаршеев Уларбек Зарлыковичке - генерал-майор наамы берилди.
2021-жыл 7-сентябрь