Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров Сан-Маринонун Капитан-регенттери Жанкарло Вентурини жана Марко Николинини Республиканын түзүлгөн күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Сан-Марино Республикасынын Капитан-регенттери Жанкарло Вентурини жана Марко Николинини Сан-Марино Республикасынын  улуттук майрамы – Республиканын түзүлгөн күнү менен куттуктады.

«Сан-Марино өнүккөн жана демократиялык коомду куруу менен бирге көп кылымдан бери жогорку руханий баалуулуктарды сактап келген Европадагы байыркы мамлекет болуп саналат.

Кыргыз Республикасы менен Сан-Марино Республикасынын ортосунда түзүлгөн достук мамилелерди канааттануу менен белгилейм. Эки өлкөнүн биргелешкен аракеттери менен эки тараптуу диалогдун жогорку деңгээлине жетишебиз деп ишенем», - деп белгиленет куттуктоодо.

Президент Капитан-регенттерге бекем ден соолук жана жооптуу мамлекеттик иштеринде ийгиликтерди, ал эми Сан-Марино элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

2021-жыл 3-сентябрь