Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

БУУнун Башкы катчысы  Антониу Гутерриш Президент Садыр Жапаровду жана  Кыргызстан элин  өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады

Бириккен улуттар уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Президент Садыр Жапаровду жана  Кыргызстан элин  өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.

«Сиздин өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу эң жылуу каалоо-тилектеримди билдиргим келет. Учурдагы оңой эмес убакыт ар бир өлкөнүн глобалдык бакубаттуулукка кошкон салымынын маанилүүлүгүн дагы бир жолу эске салат.

COVID-19 пандемиясынан өтүүнүн үстүндө чогуу иштеп жатып, биз калыбына келүүнү мындан да туруктуу, чыдамкай жана адилеттүү коомдорду түзүүгө колдонушубуз керек. Ошондой эле, биз өзгөчө климаттык кырдаалды чечүүгө тайманбас кадамдарды жасап жана туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарга жетүүгө аракеттерибизди активдештирүүбүз зарыл.

Бул Көз карандысыздык күнүндө мен Бириккен улуттар уюмун чыңдоодо жана дүйнө жүзүндө тынчтыкты орнотууда Кыргызстандын колдоосуна ишенем.

Сизге болгон  эң жогорку урмат-сыйымды билдирем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

2021-жыл 31-август