Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Эл аралык уюмдардын жетекчилери Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады

Эл аралык уюмдардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады

Майрамга карата Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Владимир Норов, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысы Станислав Зась, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов жана Ага Хан Фонду куттуктоолорун жөнөтүшкөн.

Эл аралык уюмдардын жетекчилери Президент Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине тынчтык, бакубатчылык жана өсүп-өнүгүүнү каалашкан.

2021-жыл 31-август