Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Германия Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады

Германия Федеративдүү Республикасынын Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.

«Сизди жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракеси менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын.

Учурда биз коомчулугубуз үчүн көптөгөн чектөөлөрдү алып келген, чакырыктарга арбын болгон мезгилди башыбыздан өткөрүп жатабыз.  Ошондон улам биз адамдардын жана мамлекеттердин бирдиктүү болушу үчүн диалог жана өз ара алмашуунун негизги ролун абдан баалай баштадык. Ошондой эле диалог жана кызматташтык оор кырдаалдарда да өнүгө бере турганына күбө болдук.

Кыргызстандын демократияга жана мыйзамдуулукка карай бет алган жолунда Германия ар дайым кыргыз элинин жанында болгон. Германия мындан ары да Кыргызстан элинин ачык-айкын жана эркин коомдо жашоосун жана гүлдөп-өсүүсүн камсыз кылуу ишинде ишенимдүү өнөктөшү болуп кала берет.

Сизге жана Кыргызстан элине алар тандаган реформа жолунда чоң ийгиликтерди жана бейпил келечек каалаймын, " — деп белгиленет куттуктоодо.

2021-жыл 31-август