Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Франция Президенти Эммануэль Макрон Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады

Франция Республикасынын Президенти Эммануэль Макрон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду  жана Кыргызстан элин  Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.

«Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу чын дилден жана жылуу куттуктоомду билдирип, ошондой эле кыргыз элине гүлдөп өнүгүүнү каалайм. Мен быйыл Кыргызстандын элчилигинин Францияда ачылышына жана Париждеги резиденциясы менен биринчи элчи катары Садык Шер-Нияздын дайындалышына кубанычтамын.

Биздин эки өлкөнүн ортосундагы эң сонун саясий мамилелер дагы тереңдейт деп ишенем.

Пандемия биздин экономика жана коомго белгилүү таасир этти. Мен бул кесепеттерди жоюу жана өлколөрүбүз ортосундагы экономикалык алаканы активдештирүү үчүн бирегелешип иштешибизди каалайт элем.

Сиз укук үстөмдүгүн, демократиялаштыруу жана адам укуктарын коргоо үчүн жүргүзө турган реформаларыңызда Франциянын колдоосуна ишенсеңиздер болот», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

2021-жыл 31-август