Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Финляндия Президенти Саули Ниинисто Президент Садыр Жапаровду жана  Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады

Финляндия Республикасынын Президенти Саули Ниинисто Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду  жана Кыргызстан элин  Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын жарыяланышынын 30 жылдыгына байланыштуу менин чын дилден Сиздин өлкөгө жана анын элине гүлдөп өнүгүү менен бакыт каалоомду кабыл алыңыз. Биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирем. Мамилебиз мындан ары дагы бекемделээрине ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

2021-жыл 31-август