Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Вьетнам Президенти Нгуен Суан Фук Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады

Вьетнам Социалисттик Республикасынын Президенти Нгуен Суан Фук Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады

«Кыргыз Республикасынын Улуттук майрамына карата Вьетнам элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана Кыргызстан элине чын дилимден куттуктоолорумду билдирем.

Вьетнам Кыргыз Республикасынын жана анын элинин Сиздин жетекчилигиңиз астында акыркы жылдардагы жетишкендиктерине кубанат. Вьетнам ар дайым салттуу достук мамиледеги өлкөлөр, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен алакаларды чыңдоого маани берерин ырастагым келет.  2022-жылы өлкөлөр аралык дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгынын алдында элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтык мындан ары да өнүгөрүнө үмүт артат.

Сизге чың ден соолук, бакыт жана асыл кызматыңызда ийгиликтерди каалайм», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

2021-жыл 31-август