Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Таиланд Королдугунун Премьер-министри Прают Чан-оча Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады

Таиланд Королдугунун Премьер-министри Прают Чан-окча Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата, Таиланд Королдугунун Өкмөтүнүн жана элинин атынан чын жүрөктөн чыккан куттуктообузду жана Кыргыз Республикасынын жана анын элинин мындан аркы гүлдөп өсүп-өнүгүшү үчүн эң жакшы каалоолорубузду билдирүү мен үчүн чоң сыймык.

Биздин өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин ортосундагы достук жана кызматташтык  алдыдагы жылдары дагы өсүп-өнүгө берет деп ишенем. Менин жогорку сый-урматымды ишеним менен кабыл алыңыз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

2021-жыл 31-август