Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Шри-Ланка Президент Готабая Раджапакса Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады

Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.

«Шри-Ланка Өкмөтүнүн жана элинин, ошондой эле жеке өзүмдүн атымдан Сизге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын элине жана Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу жылуу куттуктоо жана чын дилден каалоолорубузду жолдогонума кубанычтамын.

Учурдан пайдаланып, Шри-Ланка биздин достук байланышты бекемдөөнү жана эки өлкөнүн кызыкчылыктарын камсыздоо максатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү жактаарын дагы бир ирет тастыктайм.

Чын димлимден куттуктоомду кабыл алыңыз жана Сизге  бекем ден соолук, бакыт, бакубаттуулук, ал эми Кыргыз Республикасынын элине — гүлдөп өнүгүү каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

 

2021-жыл 31-август