Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров Бельгия Королу Филиппке Бельгиядагы адам өмүрүн алган суу каптоолорго байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бельгия Королу Филиппке Бельгиядагы адам өмүрүн алган суу каптоолорго байланыштуу көңүл айтты.

«Бельгиянын айрым аймактарын суу каптап, анын кесепетинен адамдар каза болуп, ири кыйроолор болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

2021-жыл 24-июль