Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Түрк Кеңешинин Башкы катчысы Багдат Амреев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Түрк Кеңешинин Башкы катчысы Багдат Амреев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Алла Таалага болгон урматыбызды билдирген бул майрам, дүйнөнүн төрт тарабындагы мусулмандардын жана анын ичинде түркий элдердин ортосундагы тилектештикти, биримдикти жана бир туугандык сезимдерди күчөтүп, Түрк жана Ислам дүйнөсүнө бакыт жана тынчтык алып келсин, элдерибиздин ынтымагына салым кошсун деп Алла тааладан суранам.

Учурдан пайдаланып, Сиздин Түрк дүйнөсүнө, Түрк Кеңешине көрсөтүп жаткан колдооңуз үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. Бул майрам ар дайым эл-жерибизге, кыргыз бир туугандарыбызга жакшылыктарды ыроолосун, ар дайым асманыбыз ачык болуп, жергебизде тынчтык жана бакубаттуулук өкүм сүрсүн”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

2021-жыл 20-июль