Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Мамлекеттик чек аранын Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесиндеги абал турукташты жана ал Президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө

Баткен облусунда КР биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков башында турган жумушчу топ иш алпарууда. Жумушчу топ жерине баргандан бери жаңжалды жөнгө салуу боюнча бир катар чараларды көрдү.

Эки өлкөнүн чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттөрүнүн демилгеси менен түзүлгөн комиссиялар, окуянын себептери менен кесепеттерин талкуулап, куралдуу кагылышууну токтотуп, жеке бөлүктөрдү жана аскер техникаларсын туруктуу жайларына чыгарып кетүү жөнүндө билдирүүгө кол коюшту.

Мамлекеттик чек арада чыңалууну болтурбоо жана күчөтпөө боюнча чаралар көрүлүп жатат.

Мамлекеттик чек аранын Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесиндеги бул окуя кыргыз элинин биримдигин, тилектештигин, мекенчилдигин жана жаңжалды жөнгө салууга катышууга умтулгандын көрсөттү. Өткөн түнү Кыргызстандын көптөгөн жарандары чек ара аймагына барып, чыр-чатакты жөнгө салууга ар тараптуу жардам көрсөтүүнү каалагандарын билдиришти.

Учурда чек арага ыктыярчыларды жиберүүнүн зарылчылыгы жок. Кыргызстандын жарандары бул ишти мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшыруусу керек. Чыңалуунун очогу жоюлду, кырдаал сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жөнгө салынды. Өкмөттүн жумушчу тобу өз ишин улантып жатат. Бардык жардамдар, дары-дармек, азык-түлүктөр Баткен облусуна токтоосуз жеткирилүүдө.

2021-жыл 30-апрель