Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 139 377,0 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 169 141,0 млн. сом суммасында бекитилген. 2020-жылга республика бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 29 764,0 млн. сом суммасында белгиленген.

2021-жыл 4-январь