Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовду жана түркмөн элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовду жана түркмөн элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө, өз ара сый-урматка жана ишенимге негизделген достук алакалар мындан ары дагы эки элдин кызыкчылыгы үчүн бекемделип жана өнүгө берет деп ишенемин», — деп белгиленет куттуктоодо.

Сооронбай Жээнбеков Гурбангулы Бердымухамедовго жана анын үй-бүлөсүнө ден соолук, бакыт-таалай, иштерине ийгилик, ал эми түркмөн элине тынчтык жана бакубаттуулук каалады.

2020-жыл 27-сентябрь