Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Черногория Президенти Мило Жуканович Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Черногория Президенти Мило Жуканович Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«31-август — Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата менин атымдан жана Черногория элинин атынан чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду жолдойм. Сиздин өлкөңүзгө ийгиликтерди жана өлкө элине бакубатчылыкты каалайм. Ар дайым өз ара сый-урматка жана түшүнүшүүгө негизделген эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин келечегине болгон көз караштарыңызды бөлүшөм деп канааттануу менен айта алам. Черногория эки элди өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасы менен достук мамилелерди жана ар тараптуу кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө ар дайым даяр», — деп айтылат Черногория Президентинин куттуктоо телеграммасында.

2020-жыл 31-август